"Кумтөрдүн" акчасына түзүлгөн фонддун директорлору 400 миллион сом чыгарып кеткен
RU

"Кумтөрдүн" акчасына түзүлгөн фонддун директорлору 400 миллион сом чыгарып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондундагы жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын арасындагы коррупциялык фактыларды аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

"Ошондой эле бул схеманы уюштурган жооптуу жана кызмат адамдарынан турган кылмыштуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган", - деп айтылат маалыматта.

УКМК коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу деп аталган фонддун директору К.Ж.Т. туунду долбоорлорго негизсиз финансылык колдоо көрсөтүү жана аларга каражат бөлүү үчүн айрым компаниялардын кызыкчылыктарын коргогон" деп божомолдоп жатат.

Жаратылышты өнүктүрүү фонду мамлекеттик эмес каражаттардын эсебинен түзүлгөн, республикада курчап турган чөйрөнү жана жаратылышты коргоо менен байланышкан социалдык, кайрымдуулук, маданий-агартуу жана башка коммерциялык эмес максаттарды көздөгөн юридикалык жак экендигин түшүндүрдү.

2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жаратылышты коргоо долбоорлорун ишке ашырууга "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын каражаттарынан жыл сайын 325 миллион сом (3 миллион 700 миң доллар) бөлүнөт (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча 325 миллион сом). 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын.

К.Ж.Т. 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, жаратылышты коргоо долбоорлоруна фонддон 400 миллион сомдон ашык каражатты ар кандай уюмдарга которгон деп шектелүүдө. Бирок чындыгында бул акча жеке бизнести уюштурууга жумшалганын УКМК аныктады.

Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизаларды өткөрбөстөн, эффективдүүлүгүн деталдуу изилдебестен, ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктабастан жактырылган жана каржыланган. Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги фонддун чыгымдалышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылган эмес.

Жаратылышты өнүктүрүү фондусунун директору К.Ж.Т УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин чоо-жайы жана коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12907