Селекцияда май айынын бери суу жок. Активисттер таза суу алып келип, бекер таратууда
RU

Селекцияда май айынын бери суу жок. Активисттер таза суу алып келип, бекер таратууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында таза суу май айынын бери жок.Kaktus.kg редакциясы жегиликтүү жашоочулардын абалы менен таанышты.

Селекцияда суу маселеси май айында эле башталган. Унаасы бар жергиликтүү жашоочулар таза сууну айылдын четиндеги медреседен алып келип келишет. Башкаларына айыл өкмөт тарабынан уюштурган суу таашыган унаа (цистерна) менен таза суу жекирилип жатат.

Бир цистернадасы 7-8 тонна суу бир көчөгө жетпей калат

Суу ташыган цистерналар менен деле көйгөй чечилип кете элек. Айыл өкмөттүн атынан таза суу таратып жүргөн айдоочу бир унаадагы суу 650-700 метр аралыктагы үйлөргө эле жетип жатканын айтты.

"Жаңы конуштарда тургундар көп. Күн дагы ысык болуп жатат. Эртеден кечек суу ташып, болушунча камсыздаганга аракет кылып жатабыз", - деди ал.

Активисттер суу ташып, акысыз таратып жатышат

Бишкектин чет-жакасындагы жаңы конуштардан чогулган сегиз активист таза суусу жок жаңы конуштарга сегиз цистерна менен акысыз суу таратып жатат. Ошол активисттердин бири Болот мырза.

"Өзүбүздө таза суу жааматы бар. Бизде 10 унаа бар. Балдар болуп айыл, жаңы конуштарга бөлүнүп, суу бекер таратып жүрөбүз. Бул жерге бүгүн 8 унаа суу келди. Селекцияда суу жок экенин укканда эле элге жардам берелик дедик. Мен мисалы Арча-Бешикте турам. Бул балдар менен биз көп жылдан бери эле суу ташып иштейбиз, негизи. Жаңы конуштарга таза суу кенен бериле баштаганга чейин ташыйлы деп ойлонуп жатабыз", - деди активист.

Селекциянын тургундары май айынын бери эле таза суу жок деп айтып жатат, үндү уккан чоңдор барбы?

Айылдын дагы бир жергиликтүү тургуну Селекциянын жашоочулары суу маселесин көптөн бери эле айтып, бирок маселе чечилбей жатат деп капа болду.

"Суунун көйгөйү аябай жаман экен. Жолубуз жакшы болсо да бир жөн. Мейли жол, бул көчөлөр менен коомдук транспорт жүрбөйт да. Унаасы барлар суу чыкпай калган убактан бери эле айылдын четиндеги медреседен таза суу ташып, алып келип жатышат. Унаасы жоктор кыйналды. Ушул күндүн ысыгында кичинекей балдардын суу ташып жүргөнүн көрүп, жүрөгүң ооруйт.

"Суу ташыган цистерна менен айыл өкмөт суу ташымыш болуп жатат. Бирок ал бир көчөдөн экинчи көчөгө жетпей калып жатат. Эртеси күнү дагы бир унааны жиберишет, ал түгөнүп калат. Эми, чакалап алган суу эмнеге жетет? Кыскасы, эмне кылаарыбызды билбейбиз", - деди жергиликтүү тургун.

Таза суунун жоктугунун негизги себебин билбей жатабыз

Жергиликтүү жашоочу суу эмне себептен жок болуп жатканы тууралуу так маалыматты эч ким айтпай жатат деп нааразы болду.

"Маалыматыбыз аз. Ар ким ар кандай себептерди айтат. Кимге ишенээриңди билбейсиң. Силерди бакчу бизбиз деген азамат чыкса жакшы болот эле", - деп созүн жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12916