Айыл өкмөтүн он аял басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп жатышат (фото, видео)
RU

Айыл өкмөтүн он аял басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп жатышат (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-апрелде Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүн газ баллон, бензин куюлган канистрлерин алып он аял басып алды. Алар кабинеттердин бирине кирип алып, ичине эч кимди киргизбей, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп жатышат.

Алардын сыртта калган тарапташтары "Жети дубан" уюмунун өкүлдөрү экендигин жана өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан кредиттерин төлөй албай калгандыгын Kaktus.media'га айтып беришти.

"Биз "Ак үйдүн" жана Өкмөт үйүнүн алдында бир нече күн турдук. Бирок бизге эч ким чыккан жок, эч ким көйгөйүбүздү уккан жок. Биз ушундай кадамга барууга аргасыз болуп турабыз. Айрымдарыбыз үйлөрүн алдыртып ийишти", - дейт Райхон Мусаева.

Окуя болгон жерге Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Чүй облустук ИИББсинин жетекчиси, Аламүдүн районунун акими жана башкалар келишти.

Ыйгарым укуктуу өкүл аялдар менен терезе аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок алар премьер-министрди талап кылып, жергиликтүү чиновниктерге ишенбей тургандыгын билдиришкен.

Имаратты басып алган аялдар алардын тарапташтарын навестин алдына киргизип, өздөрүноөсуу берүүнү талап кылышты. Андан тышкары алар милициянын иш аракетине нааразы экендигин билдиришти.

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, айыл өкмөтүнүн имаратынын ичиндеги аялдар менен сүйлөшүү үчүн убакыт керектигин билдирди.

Сыртта калган козголоңчу аялдардын тарапташтары, бардыгы жалгыз бой энелер экендигин жана үч жыл мурун кредит алып, жумушсуздуктун айынан аны төлөй албай калгандыгын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1292