Кытай АКШ менен согуш чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу: "Кытайдай өлкө менен сый болуш керек"
RU

Кытай АКШ менен согуш чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу: "Кытайдай өлкө менен сый болуш керек"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен аскердик жаңжал чыгуу мүмкүнчүлүгүнө баа берди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга сапарынын алдында өзүнүн Twitter баракчасында Кытай армиясынын чагымчыл аракеттерине шилтеме жасаган Bloomberg макаласын сынга алды.

"Эгер эки өлкөнүн ортосунда аскердик жаңжал чыкса, ал Кытайдын аймагына жакын америкалык куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттеринен улам болушу мүмкүн", - деп айтты.

Ал Кытайдай болгон мамлекет менен сый-урматта жашоо керек деп кошумчалады.

"Эгерде Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда күтүүсүз аскердик чыр-чатак чыгып кетсе, анда ал КНРдин провокациялык аракеттеринен келип чыкпайт.

Тескерисинче, согуштук аракет Кытайдын аймагына жакын жердеги АКШнын согуштук кемелери жана учактарынан келип чыгышы ыктымал. Кытайдай болгон мамлекет менен мамиледе негизги эреже - өз ара урматтоо", - деп жазган ал.

Бүгүн, 18-июнда Кытайдын борбордук телеканалы Блинкен Пекинге жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7:30да келгенин билдирди. Бул АКШнын мамлекеттик катчысынын Кытайга акыркы беш жылдагы биринчи сапары. Анда Пекин менен Вашингтондун мамилесиндеги бир катар маселелердин, анын ичинде Тайвань, АКШнын үстүнөн кулап түшкөн кытай шарынын кесепети, соода жана технология боюнча уланып жаткан пикир келишпестиктер талкууланат деп күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12955