Казакстанда банктын 7 кызматкери барымтага алынган. Атайын отряд куралчан адамды кармады
RU

Казакстанда банктын 7 кызматкери барымтага алынган. Атайын отряд куралчан адамды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда банктын жети кызматкери барымтага алынган. Күч түзүмдөрүнүн атайын отряды куралчан адамды кармады. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин казакстандык басылмалар жазышты.

Барымтада болжолдуу түрдө 7 адам болгон. Алар бошотулду.

"Барымтачы полициянын ок өткөзбөөчү кийимин кийип жүргөн деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ошондой эле "Арлан" атайын отрядынын кызматкерлери жеринде иштеп, барымтага кабылгандарды бошотконун кабарлайбыз. Аскер кызматкерлери атайын операцияга тартылган эмес", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, буга чейин белгисиз адам Казакстандын Астана шаарындагы Kaspi банкына куралчан кирип, жети адамды барымтага алганы маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12960