Милиционер камактагылардан акча алып, мейманканага ташып турган деп шектелүүдө
RU

Милиционер камактагылардан акча алып, мейманканага ташып турган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайда кармалгандардан акча алып, айрымдарын аялдары менен мейманканага, айрымдарын сойкулар менен "жолуктуруп жүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 19-июнда УКМКнын кызматкерлери Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын кызматкерин кармаган.

Кызматкер убактылуу кармоочу жайдагыларды белгилүү бир каражат үчүн мейманканаларга алып барган деп шектелүүдө.

Шектүү милиционер кезектеги тергөө абагында жаткан адамды мейманканаган алып барган жеринен кармалган.

Бул факт боюнча тергөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12980