"Альянс Алтындын" демилгеси менен Таласта масштабдуу ишембилик өтөт
RU

"Альянс Алтындын" демилгеси менен Таласта масштабдуу ишембилик өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындай демилге Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан 16-июнь күнү Талас мамлекеттик университетинде өткөн "Коопсуз чөйрө - коопсуз өлкө" аталышында тегерек столдо көтөрүлдү. Тегерек столго президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн кызматкерлери, экологдор, илимий кызматкерлер, суу чарба, өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү да чакырылды. Катышуучулар Таластагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулашты.

Тегерек столдо жөн гана көйгөйлөр айтылбай, аны чече турган сунуштарды берүү талап кылынды. Демилгенин максаты - Таластын табиятына коркунуч келтирген аракеттердин алдын алуу жана биргеликте иш алып баруу.

Экологиялык коопсуздукту камсыздоону ортого салган талкуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда Талас облусун жашылдандырууга, сууну үнөмдүү пайдаланууга, тазалоого, таштандылдарды сорттоого, өрт кырсыгын алдын алууга жана токой аянттарын таза кармоого басым коюлду. Тегерек столдун катышуучулары облус эли катыша турган чоң ишембилик өткөрүүнү демилге кылышканын "Альянс Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Кынатбек Сарчаев билдирди. Анын айтымында, компания жайкы эс алуу мезгили аяктаган соң күз айларында Талас токойлоруна масштабдуу ишембилик өткөрүүнү пландап жатат. Ал президенттин облусагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте ишке ашырылат.

Аталган иш-чарда Жерүй алтын кенинин дагы экологияга тийгизген таасири тууралуу талкуу болду. Талкууга катышып жаткан экологдор компаниянын ишмердүүлүгү ар дайым көзөмөлдө болуп, текшерүүлөр жүргүзүлүп келгенин жана 8 жыл аралыгында ири катачылыктарды кетирбегенин баса белгилешти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашымов компаниянын экологиялык долбоорлорго жакын экенин айтып, жакында алтынды өндүрүүдөн чыккан калдыктардан курулуш материалдарын жасоо боюнча долбоор даярдалып жатканын жана аны биргеликте ишке ашыруу үчүн "Альянс Алтын" компаниясына сунуштама бере турганын кошумчалады.

Жыйынга катышып жаткан Улуттук илимдер академиянын Химия жана фитотехнология институтунун директорунун орун басары Виктор Виноградов кендин аймагы келечекте калдыксыз өндүрүш болуп каларын белгиледи.

"Биз кен калдыктарын текшерип көргөнбүз. Эч кооптонуунун кереги жок. Себеби бул кен казып жаткан компания акыркы үлгүдөгү дүйнөдөгү жаңы технологияларды колдонот экен. Биз калдыктарды текшерүүгө алганда зыяндуу заттардын өтө аз деңгээлин аныктадык. Ошондон улам калдыктардан курулуш материалдарын, тагыраагы, кыш чыгарса жакшы болот. Бара-бара калдыктар пайдалуу материалга айланат. Жыйынтыгында кендин аймагы калдыксыз өндүрүш болуп калат", - деди Виноградов.

Тегерек столго чакырылган коноктордун ичинен жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер мындай ачык-айкындуулук туура кадам экенин баса белгилешти. Активист Серен Шейшенов "Альянс Алтын" компаниясы өзү кызыкдар болуп, жакында эле облустун жарандарын, активисттерди кендин аймагына киргизип тааныштырганын айтты.

"Компаниянын кенди иштетип жаткан өндүрүштүк аймагына жакында эле барып келдик. Абдан жакты, завод-фабрикаларында акыркы технологиялар колдонулуп, тегереги жашылдандырылган экен. Дээрлик бардык жерин көрүп чыктык. Бир дагы жерден тартип бузууну көргөн жокпуз. Чындыгында таң калдым, мындай деп ойлогон жок элек", - дейт калдыктардын зыяндуулугунан чоочулап келген Серен Шейшенов.

Ал Жерүй кенине барганда өндүрүштөн чыккан калдыктардан курулуш материал чыгаруу планы бар экенин уккан. Ошондой эле калдык сактоочу жайдын саркынды суулар топтолуучу жеринен көнөк баштарды көргөнүн айтып, компаниянын коопсуз иш алып баруусуна, экологияга зыяндуу иштердин болбогонуна ынанганын айтты.

Эске сала кетсек, "Альянс Алтын" компаниясы өзүнүн ишмердүүлүгүн ачык жүргүзөт. Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмү ар ай сайын "Жерүй Жарчысы" маалыматтык китепчелерин таратып турушат. Ал китепчеде компаниянын бир ай ичинде аткарган иштери, облустун өнүгүүсүнө которулган каражаттар, ишке ашкан долбоорлор ж.б.у.с бардык маалыматтар бар. Андан тышкары бийлик өкүлдөрү, жарандык коом, жергиликтүү тургундар, кызыкдар тараптын баары менен тыгыз иштешип аларга ачык-айкын маалымат берип, кендин өндүрүштүк аймагына чакырып, тааныштырып турушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12987