Сокулукта 15 жаштагы өспүрүм зордукталган. Өкүм чыккандан кийин сот айыпкерди коё берди
RU

Сокулукта 15 жаштагы өспүрүм зордукталган. Өкүм чыккандан кийин сот айыпкерди коё берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 15 жаштагы кызды зордуктаган айыпталуучуну сот күнөөлүү деп тапкандан кийин эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Чүй облустук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 18-майында Бишкек шаарынын Сокулук райондук соту 1992-жылы туулган Т.А.ны "Зордуктоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан. Бирок сот беш жылдык пробациялык көзөмөлдү колдонуп, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин аны үй камагына чыгарган.

Сокулук районунун прокуратурасы соттун өкүмүнө даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылды. Сот жыйыны өтө турган күн жакынкы аралыкта белгиленет.

Эске салсак, 2023-жылдын 29-январында Сокулук РИИБге 2023-жылы 26-январга караган түнү күч колдонуу менен жашы жете элек кызды зордуктаган белгисиз адамга карата чара көрүү тууралуу арыз менен 1983-жылы туулган А.Г. аттуу тургун кайрылган. Анын кызы А.Ф., 2008-жылы туулган. Шектүү катары 1992-жылы туулган Т.А. кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12998