Социалдык өнүктүрүү министрлиги алты жаштагы өгөй баласын токмоктогон киши менен соттошот
RU

Социалдык өнүктүрүү министрлиги алты жаштагы өгөй баласын токмоктогон киши менен соттошот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Султанкулова өгөй атасынан токмок жеген Рамазан учурда таенесинин колунда, Ат-Башыда экенин эскертти. Бала медициналык жана социалдык жардамга муктаж.

Министрдин орун басарынын айтымында, баланын апасы тосмо арыз жазган, бирок мыйзамда кандай гана кырдаал болбосун баланын укугу корголууга тийиш, деп даана жазылган. "Биздин адистер баланын өгөй атасы менен соттошот" - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент социалдык өнүктүрүү министринин ордуна Султанкулованын талапкерлигин карап жатат.

Эске салсак, "Поле чудес" жаңы конушунда эркек киши алты жаштагы өгөй баласын ур-токмокко алган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга алынган.

Бул факт КРдин Кылмыш иштери тууралуу Кодексинин, 75-беренесине ылайык, Октябрь районунун ИИБсинде катталды. Андан ары иштин материалдары аймакка ылайык Сокулук районунун ИИБсине өткөрүлүп берилди. Сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Балага келтирилген залаканын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.

Автор:

Гулиза Авазова

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12