Коррупционерлер канча каражат жана мүлктү мамлекетке кайтарганын УКМК айтып берди
RU

Коррупционерлер канча каражат жана мүлктү мамлекетке кайтарганын УКМК айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК органдары мамлекеттин бюжетине 5 миллиарддан ашык сомду толуктады. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы Kaktus.media'га берди.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, алынган бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке которулуп жаткандыгы боюнча коомчулукка маалымдайт.

2020-жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин УКМК мамлекеттин кирешесине 5 миллиард сомдон ашык каражатты кайтарып берди. Алардын:

  • 2 миллиард сом мүлк түрүндө;
  • 3 миллиард сомдон ашыгы акчалай түрүндө.

Ошол эле учурда, бул каражаттардын бир бөлүгү учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгында, каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизилген, ага ылайык укук коргоо жана көзөмөл органдары жарыяланган каражаттарды өз муктаждыктары үчүн колдонууга укугу жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1301