Окумуштуу Оморова: Кыргызстандагы көлдөр менен мөңгүлөрдү изилдөө келечек үчүн зарыл иш
RU

Окумуштуу Оморова: Кыргызстандагы көлдөр менен мөңгүлөрдү изилдөө келечек үчүн зарыл иш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мөңгүлөрдүн жок болуп кетүү коркунучу барган сайын күч алууда. Акыркы 20 жылда Батыш Тянь-Шанда – Казакстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда мөңгүлөр 27 пайызга азайды. Бул көрүнүш токтоп калган жок – мөңгүлөр жыл сайын эрип жатат. Дүйнөнүн башка аймактарында абал ого бетер тынчсыздандырат – 2050-жылга чейин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурасына кирген 50 объекттин үчтөн биринде муз калбай калат.

Мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстандын климатына коркунуч жаратат

Чүй облусунун чок ортосунда – Ак-Сай капчыгайында жаш окумуштуу Гулбара Оморова Кыргызстандын көлдөрүн жана мөңгүлөрүн изилдөө менен алектенип келүүдө. Үй-бүлөлүк милдеттерине карабастан, Гулбара ай сайын Адыгыне мөңгүсүнө экспедицияга барып турат.

"Ак-Сай мөңгүсү жакка бат-баттан барып турам. Эгерде бир айда 30 күн болсо, мен экспедицияда маалыматтарды чогултуу үчүн 12-15 күн коротом", – дейт Суу көйгөйү жана гидроэнергетика институтунун илимий кызматкери Гулбара Оморова.

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эришинин натыйжасында пайда болгон 2000ден ашык көл бар. Алар деңиз деңгээлинен 2500-4000 метр бийиктикте орун алган. Гулбара бул жааттагы ишин 2016-жылы баштаган, ошондон бери Кыргызстандагы коркунуч алдында турган көлдөргө мониторинг жүргүзүү жана изилдөө менен алектенип жүрүп, бир топ тажрыйба топтогон.

Ала-Арча капчыгайында 50дөн ашык мөңгү бар. Алардын бири Адыгыне өтө тез эрип, жок болуп баратканы менен айырмаланат. "Мөңгү климаттын өзгөрүшүнөн, циклдердин алмашуусунан жана аба табынын жогорулашынан улам тез эрип жатат", – деп белгиледи Гулбара. 1960-жылдан бери Адыгыне мөңгүсү 900 метрге азайды. Ушул өрөөндөгү мөңгүлөрдү салыштырганда мындай көрсөткүч Адыгыне олуттуу түрдө азайып баратканынан кабар берет.

Эмнелерди жасай алабыз?

Адамзаттын жарымы тиричилик муктаждыктары, айыл чарбасы жана энергетика үчүн суу булагы катары мөңгүлөргө көз каранды. Көптөгөн экосистемаларды азыктандырган мөңгүлөр био ар түрдүүлүктү сактап калууга көмөктөшүп келет.

Аба табынын жогорулашы жана климаттын өзгөрүшү мындан ары да улана берсе, мөңгүлөр азыркыдан да тез эрип, барган сайын азая бермекчи. Бирок, биз кырдаалды өзгөртө алабыз. Бул үчүн айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген алтын кендерин жана башка түстүү металлдарды өндүрүүнү, казып алууну убактылуу токтото туруш керек.

Парник газдарынын агындысын азайтып, жаратылышты коргоо боюнча чараларга инвестиция жасоо менен, мөңгүлөрдү жана ага көз каранды болгон био ар түрдүүлүктү сактап калууга мүмкүн.

"Тилекке каршы, бизге ушул багыттагы адистер жетишпей жатат. Бул илимдерге көңүл бурулбаганы мониторингдин жоктугуна жана мөңгүлөрдүн запастарын изилдөө үчүн адистердин тартыштыгына алып келет. Канча муз калганын, канчасы эрип, канча суу агып жатканын аныктап алышыбыз керек", – деп баса белгилейт Гулбара.

Мындан аркы практикалык долбоорлорунда Гулбара Кыргызстандын суу ресурстары жана көлдөрү жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды чогултуп чыгып, изилдөөчүлөр жана келечек муундар үчүн жеткиликтүү боло турган маалымат базасын түзүүнү пландаштырып жүрөт.

#ЭкоЖаша

"Курама Стори Лаб" коомдук фонду "ЭкоЖаша" маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. "Курама Стори Лаб" буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Ар бир адам бул конкурстун маңызын таба алат. Анын үстүнө бул биздин планетабыз үчүн пайдалуу бир иштерди чогуу жасоонун жөнөкөй жана кызыктуу жолу. Конкурс 14-июндан 30-июнга чейин созулат.

Экологияга байланыштуу окуяңызды, сүрөтүңүздү же видеоңузду социалдык тармактарда бөлүшсөңүз болот. Бул бак-дарак отургузган акцияда тартылган сүрөт болушу ыктымал, же таштандыны кантип сорттоп жатканыңыз тууралуу окуя менен бөлүшө аласыз, же экологиялык демилгелериңиз тууралуу баяндаган тасма болушу мүмкүн.

Конкурска катышуунун шарттары:

  • Инстаграмдагы баракчаңызда экологияга байланыштуу окуя, сүрөт же видео менен бөлүшүңүз;
  • #ЭкоЖаша #EcoJasha деген хэштегдерди колдонуп, постто @kuramastory деп белгилеп коюңуз;
  • Профилиңиз ачык болушу керек.

"ЭкоЖаша" долбоорунун өнөктөшү, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги байгелерди ойноткон маалда бардык шарттарды аткарган жигердүү катышуучулар баалуу жана пайдалуу нерсени утуп алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Кадыресе жашообузда деле оң өзгөрүүлөрдү жасай алабыз. Анда эмесе, планетабыздын жаркын келечегин чогуу түптөп көрбөйлүбү!

"Курама Стори Лабдын" социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13055