Путин абактагыларды армияга тартууга жол берген мыйзамга кол койду
RU

Путин абактагыларды армияга тартууга жол берген мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-июнда Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын Куралдуу күчтөрү менен аскердик кызмат өтөө боюнча келишимге макул болгон абактагы адамдарды эркиндикке чыгаруу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышты.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 24-февралында Россия Украинага кол салгандан баштап Пригожин жетектеген "Вагнер" жеке аскердик компаниясы Россияда абакта жаткан соттолуучулар менен келишим түзүп, согушка тартып келген.

Бул компания менен келишим түзүп, Украинага согушка барган кыргызстандыктар да бар.

"Вагнер" компаниясы бир канча өлкөдө террордук уюм болуп саналат. Компанияны Россиянын бийлиги каржылап келген. Анда 30 миңге жетпеген киши бар.

Белгилей кетсек, 23-июнда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министри Сергей Шойгу өзү уруксат берген вагнерчилердин лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын жарыялаган (министрлик өзү муну четке кагат). Ошондон кийин Пригожин "адилеттик маршын" баштоону убада кылган, муну көпчүлүк аскерий төңкөрүш аракети катары кабыл алган. Мындан улам Россиянын Федералдык коопсуздук комитети "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш ишин козгогон.

Андан соң Пригожин Ростов-на-Дону шаарын алганын, Москвага бара турганын билдирди. Россиянын президенти Пригожиндин аракетин "чыккынчылык" деп атады.

Пригожиндин Ростов-на-Дону шаарын басып алганы тууралуу маалыматты уккандан кийин Путин "өлкөнү коргоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын" убадалады. Учурда россия бийлиги "Вагнерге" тийиштүү сайттар бөгөттөлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13077