Бишкекте катуу сабалган жигит комага түшкөн. Жактоочу шектүүлөргө чара көрүлбөгөнүн айтат
RU

Бишкекте катуу сабалган жигит комага түшкөн. Жактоочу шектүүлөргө чара көрүлбөгөнүн айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Сый-Ордо" ресторанынын алдында эки бала тарабынан 26 жаштагы жигит аёосуз сабалган. Учурда ал ооруканада жатат. Бирок милиция тарабынан кайдыгер мамиле жасалып, окуя териштирилбей жатканын жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков Kaktus.kg сайтына билдирди.

Чыр-чатак 2023-жылы 11-июнда "Сый-Ордо" тойканасынынан алдында катталган.

"1997-жылы туулган Жеңишбекти эки бала аёосуз сабап, анын кесепетинен жигиттин жаагы сынып, чекеси айрылып, баш мээсинен жаракат алган. Алгач комага түшкөн. Учурда жабырлануучу Улуттук госпиталдын баш мээнин сыныктары бөлүмүндө дарыланууда. Сүйлөй албайт, тамак иче албайт, суюктук эле берип жатышат. Апасы менен дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө", - дейт Жаныбеков.

Жактоочу белгилегендей, Жеңишбек ооруканага түшкөн күнү милиция кызматкерилерине арыз берилген. Укук коргоочулар арызды кабыл алып, Октябрь РИИБине жөнөтүшкөн.

"Тергөөчүлөр тарабынан сабаган балдар аныкталып, кармалган. Бирок аларды эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотуп коюшкан. Тергөөчүлөр бул окуя боюнча эч кандай тергөө иштерин жүргүзбөй, сабалган баланын апасынан көрсөтмө алган жок. Кол көтөргөн балдарга эч кандай юридикалык баа берилген жок.

Шаардык милициянын №4 бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жабырланган жигиттин апасын кайра-кайра чакырып, тосмо арыз алууга аракет кылышууда.

Ошондон улам укук коргоо органдары реакция кылып коюусун суранабыз", - дейт юрист.

Жабырлануучунун көрсөтмөсү

Көрсөтмө жабырлануучу эсине келгенде алынган. Анда сабаган балдар мас болгону, ортодо пикир келишпестиктен улам чыр чыкканы айтылат.

"Жеңишбек 11-июнга караган түнү тойдон чыккандан кийин Э. аттуу бала менен айтышып, жакалашып кеткен. Муштум жегенден кийин эс-учун жоготуп, андан ары эмне болгонун билбей калган. Окуя көчөдөгү камерага түшүп, күбөлөр да болгон. Жеңишбек ооруканадан эсине келген. Ал эми камерага түшүп калган видеодон Жеңишбекти бир нече бала сабап, качып кетишкен", - деп белгиленет.

Октябрь РИИБдин комментарийи

Жогорудагы факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет. .

Учурда тергөө иштери уланууда дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13096