Нарында өткөн фестивалда шырдак 400 миң сомго, таш кордо 300 долларга сатылды
RU

Нарында өткөн фестивалда шырдак 400 миң сомго, таш кордо 300 долларга сатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында өткөрүлгөн "Кыргыз шырдагы" фестивалынын алкагында туристтер үчүн Салкын-Төр эс алуу аймагына промо-тур уюштурулду. Анда Япон элчиси таш кордону 300 долларга сатып алганын президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Туристтер атайын даярдалган аттар менен Салкын-Төр аймагынын төрүнө чейин барып, жаратылыш койнунда эс алышты. Конокторго "Бай-Төр" ресторанынын ашпозчулары таш

кордо улуттук тамагынын даярдалышын көрсөтүп беришти. Даярдалып, аукционго коюлган таш кордону 300 долларга Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года сатып алды.

Фестивалга жалпы 1000ден ашык адам катышса, алардын 170и чет элдик туристтер болду.

Ошондой эле фестивалдагы көз жоосун алган кооз шырдакты Казакстандан келген меймандар 400 миң сомго сатып алышты.

"Кыргыз шырдагы XIII" эл аралык фестивалынын негизги максаты салттуу кол өнөрчүлүктү даңазалоо менен бирге туризм тармагын өнүктүрүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13136