Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын медаль тагынып жатып көзүнө жаш алды
RU

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын медаль тагынып жатып көзүнө жаш алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күрөш боюнча Азия чемпионатында Мээрим Жумназарованын жеңишинин урматына Кыргызстандын гимни ойной баштаганда, ал көзүнө жаш алды.

Спортчу кыздын ыйлаганы социалдык тармактын колдонуучуларынын бир чети боорун оорутуп, бир чети эзилтти. Алар чемпионаттагы кадрлар менен бөлүшүп жатышат. Анда алгач Кыргызстандын желеги көрсөтүлүп, кийин Мээримге жеңиш алып келген көтөрүп чабуусу, андан кийин көз жашы көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, 15-апрелде Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталган. Чечүүчү беттеште Монголиянын балбан кызы Делгерм Энгсайханды 6:1 эсеби менен жеңип, Азия чемпионатынын алтын байгесине татыды.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы финалдык беттеште Казакстандык Элмира Сыздыковага уттуруп, күмүш байгесин алса, Нураида Анаркулова 59 кгга чейинки салмак категорияда коло медалын утуп алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1313