"Алтын сертификат" алган Үмүт Сакиева: 10-класстан баштап окууга берилип баштагам (видео)
RU

"Алтын сертификат" алган Үмүт Сакиева: 10-класстан баштап окууга берилип баштагам (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республика боюнча быйыл 54 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, "Алтын сертификаттын" ээси болушту.

Тестирлөөдөн 225 балл алган Үмүт Сакиева Бишкектеги Улуттук инновациялык технология мектеп-лицейинин (№5) бүтүрүүчүсү. Ал өзүнүн жетишкендиги тууралуу Kaktus.kg сайтына маек куруп, кеп-кеңештери менен бөлүштү.

ЖРТнын жыйынтыгын Германияда жүргөндө уктум

ЖРТнын жыйынтыгы чыккан учурда Германияда жүргөм. Ал жакка физика предмети боюнча олимпиадага баргам. Телефонумду карасам эле апам 3 жолу чалыптыр. Үйдө бир нерсе болуп кеттиби деп сарсанаа болуп чалсам, апам: "Үмүт, сен "Алтын сертификат" алдың, куттуктайм!" деди. Алгач ишенген жокмун, бир аз убакыттан кийин реалдуулук экенин билип, апам экөөбүз тең ыйладык. Аябай кубандым, сөз жок. Азыр деле бир учурда ишенбей кетем.

Тестирлөөгө 2 ай даярдандым

Жалпы республикалык тестирлөөгө формат боюнча 2 айга жакын даярдандым. Бирок бул убакыт жетишсиз. "Алтын сертификат" алуу үчүн биринчи класстан баштап жакшы окуп, терең билим алып, дүйнө таанымыңды кеңейтүү зарыл. Мен орус тилчи мугалим менен даярдандым, андан тышкары олимпиадалык борборго барчумун. Ошол жактан математика, физика боюнча үйрөнгөндөрүм аябай жардам берди. Ошондуктан курстарга баруу керек. Бирок аябай кыска убакыттагы курстарга эмес, жарым жыл, бир жылдык курстарга барган жакшы. Тестирлөөнүн суроолору көбүнчө логикалык болот. Ошондуктан логикалык жактан күчтүү болушуң керек.

Мектепте бейбаш окуучу болчумун

Мен 5-класстан 9-10-класска чейин бейбаш окуучу болдум. Сабактарга көп деле катышкан жокмун. Себеби мен үчүн предметтер жеңил, оңой болчу, ошондон улам окуганга кызыгуум деле болгон эмес. Мугалимдерден тил укчумун. 10-класстан баштап физикага кызыгып калдым, ошондо окууга берилип, кызуу кириштим. Сабакка берилип баштаганда мугалимдерим таң калышты. Физика предмети боюнча республикалык эле олимпиадага эмес, эл аралык, европалык олимпиадаларга да катыша баштадым. Монголияга, Германияга барып келдим. Ал эми Казакстан, Беларустагы олимпиадаларга онлайн катышкам. Физикага болгон кызыгуум жайкы лагерден башталган. Республикадагы олимпиадалык борбордон чакыруу түшкөн, ал жакка барганда мугалим "сен физика, математика боюнча күчтүү экенсиң, олимпиадаларга катышып баштабайсыңбы" деп сунуштаган. Макул болуп, сынактарга даярданып баштагам, аябай татаал болчу. Күн сайын 8 же 12 саат бою физика предметин окугам.

Окуу жай жана адистик боюнча тандоосу

Жогорку окуу жайды тандоодо республикадагы эң мыкты 3 университетти карагам: Ала-Тоо эл аралык университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана Борбор Азиядагы Америка университети. Өзүмдүн эжем БААУну аяктаган, окуу жайдын системасы тууралуу билет. Мен окуу жайдын системасын жакшы билсем билим алганыма да жеңил болот, эки диплом берилет. Ушул эки критерийдин негизинде БААУну тандадым. Буга чейин физика боюнча олимпиадаларга катышканым үчүн 80 пайыз жеңилдик алгам. ЖРТнын жыйынтыгынан кийин 100% акысыз окууга мүмкүнчүлүк алдым. Психология адистиги боюнча билим алам. Негизи физика, математикага кызыгам. Бирок ата-энем менен кеңешип, ички тандоомдон улам психолог болууну чечтим.

Чет өлкөдөгү окуу жайлардан билим алсам деген каалоом бар болчу. Бирок олимпиада боюнча сыртка чыгып келгенден кийин ал оюмдан кайттым. Башка мамлекетте жалгыз болосуң, ооруп калсаң же башка жагдайлар болуп калса ата-энеңдей болуп эч ким жардам бербейт, бакпайт. Адамдар дагы башка, менталитети, маданияты башка. Ошол жактарын ойлонуп, мекенимде, өз үйүмдө эле калганым жакшы дедим. Анын үстүнө өлкөмдү жакшы көрөм, Кыргызстанды билим берүү боюнча таанылган мамлекет катары өнүктүргөнгө салым кошкум келет.

Мыкты бүтүрүүчүдөн кеңеш

Эң биринчиден, өзүңөрдү таштап салбагыла. Экинчиден, окугула, көп аракет кылгыла. Бирок өзүңөрдү унутпагыла, эс алуу да керек. Билим алуу менен эс алуу тең салмакта болушун көзөмөлдөгүлө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13149