Айлыкты дагы көтөрүү пландалууда. Акылбек Жапаров урологдордун эл аралык форумуна катышты
RU

Айлыкты дагы көтөрүү пландалууда. Акылбек Жапаров урологдордун эл аралык форумуна катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын урологдорунун IV эл аралык форумуна катышты.

"Саламаттык сактоо негизги социалдык тармактардын бири. Бул багытта мүмкүнчүлүктөр чексиз экендигин жакшы билебиз. Бүгүн биз көптөгөн кыйынчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө туш болуп жатабыз. Медицина тынымсыз өнүгүп жатат, урология дагы четте калбайт. Жаңы технологиялар жана диагностикалык ыкмалар ар кандай оорулар менен ооруган бейтаптарга натыйжалуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет", - деди өз сөзүндө Жапаров.

Ал белгилегендей, 2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 млрд сом болсо, 2022-жылы 34 млрд сомго, ал эми 2023-жылы 37,2 млрд сомду түздү.

"Медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы менен ата мекендик адистердин медицинага келишине жагымдуу шарт түзүлдү".

Акылбек Жапаров өз сөзүндө өлкө жетекчилиги саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

"Жакынкы жылдары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дарыгерлердин айлыгын 35-50 миң сомго чейин көтөрүүнү көздөп жатат", - деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасы урология тармагына кошкон салымы үчүн өлкөдөгү бир катар медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде республиканын медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13152