Акылбек Жапаров 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат деп убада берди
RU

Акылбек Жапаров 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат деп убада берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-июнда Бишкекте Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул датага ылайык майрамдык иш-чара Т. Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда өтүп, ага медицина кызматкерлери, ардагерлеринен тышкары Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы катышты.

Жапаров өз сөзүндө мамлекет калктын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга бардык күч-аракетин жумшай турганын айтып, андагы көйгөйлөрдү да атап өттү.

"Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө дени сак элдин көп болушу маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Президент кабыл алган 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасы – медицина тармагындагы стратегиялык программаларды, долбоорлорду, пландарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. ООНдун Туруктуу өнүгүү максаттарында – Саламаттык сактоо – 3-максат. Анда жалпы элди сапаттуу саламаттык сактоо менен камтуу – маанилүү ролдо турат", – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы – негизги орунда тураарын белгилеп өттү.

"Баарыбыз билебиз, Ковид-19 пандемиясы учурунда – физикалык жактан, эмоционалдык жактан оор болду. Ошол убакытта негизги жүк саламаттыкты сактоо системасына түштү. Элдин өмүрүн ажалга аралжы болуп сактап калган эмгегиңиздер үчүн сиздерге дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем", – деди ал.

Мындан тышкары саламаттык сактоо системасын каржылоодогу жылыштарга токтолгон Акылбек Жапаров, медицина кызматкерлеринин маяналары жогорулаганын жана айлык акыны дагы жогорулатуу планда бар экенин, аны менен бирге медицина тармагын жакшыртуу үчүн алты маселеге токтолду.

Анда жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат, медициналык жабдуулар модернизацияланат, окутууга жана квалификацияга талаптар күчөтүлөт, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынат, электрондук медицина өнүктүрүлүп, башкысы – медицинадагы коррупция токтошу керектигин билдирди.

"Биз калктын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле калкты финансылык коргоону камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшай беребиз", – деди Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13153