Укук коргоочу: Активист Өндүрүш Токтонасыров жоголуп, кайра табылды. Аны ИИМ алып кеткен
RU

Укук коргоочу: Активист Өндүрүш Токтонасыров жоголуп, кайра табылды. Аны ИИМ алып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Активист Өндүрүш Токтонасыров 30-июнда жоголуп, 1-июль 00:00дөн өткөндөн кийин табылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова Facebook баракчасында маалымдады.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда укук коргоочу катары да таанымал активист Өндүрүш Токтонасыровду түшкү саат бирлерде жарандык кийимчен төрт белгисиз адам Лесное айылынан, ак Жигулиге салып кеткен. Азиза Абдрасуловага активисттин келини телефон чалып, дүкөндөн кайтып келе жатканда унаада эки адамдын ортосунда отурган Өндүрүш Токтонасыровду көргөнүн айткан.

"Активисттин уюлдук телефонун тартып алышкан. Токтонасыровдун келини унаанын номурун көргөнгө жетишпей калган. Бирок коңшулары 01-646 номурун көргөнгө үлгүрүшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.

1-июлга караган түнү Азиза Абдрасулова Өндүрүш Токтонасыров табылганын кабарлады. Анын айтымында активистти ИИМдин шаардык башкармалыгына алып барышкан. Андан кандайдыр бир документке кол коюуну талап кылышкан. Тергөөчүнүн аты А. Эркинбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13177