Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктаган жаңы шайман иштеп баштады
RU

Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктаган жаңы шайман иштеп баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жол эрежелерин бузгандарды аныктай турган "Автоураган" стационардык программалык-аппараттык комплекси иштеп жаштагы. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Белгилүү болгондой, туристтик мезгилде жол кырсыктарын алдын алуу жана коопсуздукту жогорулатуу маанилүү.

Аппарат аныктаган мыйзам бузуулар:

  • издөөдө жүргөн унааларды;
  • айыптарды өз убагында төлөбөй жүргөндөрдү;
  • каттоосу токтотулган унааларды;
  • ылдамдыкты жогорулатуу жана башка эреже бузуу.

Ушундай эле аппарат 25-июндан тарта Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда ишке киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13194