Нарын дарыясына 68 жаштагы киши экскаватор менен түшүп кетти
RU

Нарын дарыясына 68 жаштагы киши экскаватор менен түшүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын дарыясына 68 жаштагы киши экскаватор менен түшүп кетти. Ал суу бөлүштүрүүчү жайда иштеп жаткан дешет ӨКМдан.

Маалым болгондой, 2-июнда саат 15:22 чамасында куткаруучуларга билдирүү түшкөн. Анда Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иштеп жаткан 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу айдоочу экскаватор менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткени маалымдалган.

Нарын шаардык жана райондук №16 ӨККБдөн 5 куткаруучу унаа менен издөө иштерине чыгышкан. Ошондой эле Нарын РИИБден 3 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, 1 жүктөгүч, 1 КаМаЗ, экскаватор тартылган.

Издөө иштери бүгүн да улантылып, 19 куткаруучу чыкты. Андан тышкары суу чарба башкармалыгынан 25 адам, 5 милиция кызматкери жана жалпы 10 инженердик техника тартылды. Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет дешет ӨКМдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13205