Азыркы кыздар юбка кийип, асфальтка отуруп алган үчүн төрөбөй жатышат, уу коргошундан эмес
RU

Азыркы кыздар юбка кийип, асфальтка отуруп алган үчүн төрөбөй жатышат, уу коргошундан эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун менен коронавирусту дарылоо боюнча басма сөз жыйынын өткөрдү. Баса белгилеп кетебиз, бул өтө уулу зат. Аны ичкен адам беш мүнөттүн ичинде каза болот.

Саламаттыкты сактоо министри уу коргошун менен биздин ата-бабаларыбыз канча кылымдан бери дарыланып келишкен. Бул жаңы препарат эмес. Ысык-Көл, Нарын облусунда айрым адамдар дарылык максатта колдонуп келишкен. Биз ошону дарыгерлерге берип жатабыз, деди.

Журналисттердин бири:

- Уу коргоошун ичсе кыздар төрөй албай калышат экен, деген божомолдоолор айтылууда. Бул чынбы? - деген суроо берди.

- Биз азыркы кезде ковид менен ооругандарга берип жатабыз, кыздарга берген жокпуз, деди.

- Сиз кызыңызга деле берген турбайсызбы, ошол сыктуу эле да.

- Жок ал... Мунучу.. Ал айтылып эле жүрөт да. Ушундай болгон экен...Ушундай-ушундай депчи... Кыздар азыр эмнеден төрөбөй калып атат? Юбка кийип алып, чечинип алып, асфальтта отуруп алып, воспаление болуп калып төрөбөй жатышат. Уу коргошундан эмес", - деп министр жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1320