Үй сатып алууда шылуундардын тузагына кантип түшүп калбоо керек?
RU

Үй сатып алууда шылуундардын тузагына кантип түшүп калбоо керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Турак жай сатып алуу - маанилүү каржылык инвестиция, бирок алдамчылыктын курмандыгы болуу коркунучу да жогору.

Кыймылсыз мүлк боюнча коопсуз келишим түзүүдө эки тарап эмне кылышы керек?

  • Келишим түзүүдөн мурда менчик күбөлүктүн, техникалык паспорттун, курулушка уруксат берүүчү документтердин жана башка документтердин аныктыгын текшерүүнү унутпаңыз. Сатуучу мыйзамдуу ээсиби жана ал мүлктү сатууга укугу барбы? Муну аныктоого Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алган көчүрмө жардам берет.
  • Кээде мүлктүн ээси катары ишеним кат боюнча иш алып барган үчүнчү жак чыгат. Бул учурда этият болушуңуз керек. Паспорт жана башка кыймылсыз мүлк документтеринен айырмаланып, ишеним катты жасалмалоо оңой иш. Ишеним каттын аныктыгын текшерүү үчүн ээси менен жеке жолугушуу сунушталат.
  • Кыймылсыз мүлктүн юридикалык маселелер менен байланышы болушу ыктымал: талаш-тартышта же камакта сыяктуу. Муну билүүгө Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алынган көчүрмө жардам берет.
  • Кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча келишимге кол коюудан мурда бардык шарттарын кылдат окуп чыгыңыз. Эгерде, шектенсеңиз же кандайдыр бир шектүү жагдайлар болсо, анда сиз кыймылсыз мүлк боюнча адистешкен юристтен кеңеш ала аласыз. Сатуучу келишимге кол коюла электе төлөмдү толук талап кылып жатабы? Анда ойлонуп көрүү зарыл, анткени жөнөкөй жагдайда сатуучу мүлктүн жалпы наркынын 10-20% алдын ала сурайт.
  • Эгерде, үй сатып алууга акчаңыз жетишсиз болсо, ипотекага арыз берүү үчүн коммерциялык банкка ар дайым кайрылсаңыз болот. "Халык Банк Кыргызстан" жеңилдетилген ипотекалык шарттарды сунуштайт – 10 жылга чейин жана 150 миң долларга чейин. Кошумчалай кетсек, үстөк пайызы жылына 20%. Ал эми баштапкы төлөмдү төлөй албасаңыз, банк кошумча кыймылсыз мүлктү күрөө катары карашы мүмкүн. Кызматкерлер сизге каалаган убакта 8008 телефону аркылуу кеңеш берүүгө даяр.

Жыйынтыктап айтканда, кыймылсыз мүлктү сатып алуу өзүңүз жана үй-бүлөңүз үчүн сонун мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн, бирок этияттык жана алдын ала кабардар болуу сиздин эң жакшы кеңешчиңиз экенин унутпаңыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13222