13 жаштагы Айзат көкүрөгүндөгү шишикти алдыртууга муктаж. Ага жардам керек болууда
RU

13 жаштагы Айзат көкүрөгүндөгү шишикти алдыртууга муктаж. Ага жардам керек болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13 жаштагы Айзат Садырбекова 2022-жылы көкүрөгүндө шишик бар экенин билген. Бул убакыт аралыгында ага операция жасоо аракети болгон. Бирок шишикти алып салууга мүмкүн болгон эмес.

Апасы Гүлзаттын айтымында, кызы саламаттыгы тууралуу анчейин деле даттана берчү эмес.

"Айзат 1 жашында ооруп, дене табы 40 градустан түшпөй, ооруканага жатканбыз. Ошондо канында вирус бар дешип, дарыланып чыкканбыз. Кийин бир жерим ооруп жатат, мындай болуп жатам деп даттанган эмес. Арыктап, табити жок болуп баштаган. Ооруп жатасыңбы десек айткан эмес. Былтыр сентябрь айында кызым белим ооруп жатат деп калды. Кечинде вазелин сүйкөп, массаж жасап жаткырып койгом. Эртеси күнү далысынын алды кыпкызыл шишик болуп калыптыр. Дароо эле Ош облустук ооруканасына барып, рентгенге түштүк. Ал жактан өпкөнүн эхинококкозу деген диагноз коюшуп, тез арада операция жасаш керек дешти. Операцияга киргенден кийин өпкөнүн жанында шишик бар экени билинип, дарыгерлер "биз муну ала албайбыз, аябай чоң экен" деп кайра кесилген жерин тигишти. 1 ай ооруканада жаттык, андан кийин Бишкекке баргыла дешти".

Гүлзат айым кызын Жалдагы балдар ооруканасына алып келген. Бирок операцияны чет өлкөдөн келген адистер жасай турганы күтүлүп жатканын, ага каражаты жоктугун айтат.

"Бир катар анализдерден өтүп, томография жасаттык. Бул жактагы дарыгерлер "өтө кеч алып келипсиңер" деп айтышты. Кызым химиотерапия алып баштады, ушул жылдын март айында операцияга кирди, бирок шишикти ала албай кайра жаап коюшту. Себеби ичке кан тамырлар шишикти тосуп калган экен. Чет өлкөгө, тагыраагы Түркияга баргыла дешти. Биз бул жактан эле операция кылалы десек башка жактан дарыгерлерди чакыруу керектигин, аларга деле кызмат акы төлөнөрүн айтышты. Бизде азыр андай каражат деле жок, буга чейинки дарылануусуна, 14 жолку химиотерапиясына болгон акчабызды жумшадык. Жакындарыбыз, тааныштарыбыз берип жатат, бирок жетишсиз болууда", - дейт.

Айзат Садырбековага жардам берүүнү каалагандар болсо реквизиттер:

  • МБанк: 0779 808-987 (Гүлзат Т.)
  • Элкарт: 9417039440707293 (Гүлзат Турдубай кызы)
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13263