Караколдо ойногонго чыккан 5 жана 2 жаштагы кыздардын сөөгү табылды
2868
Каракол шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 2 кичинекей кыздын жансыз денеси табылды. Бул туурасында бүгүн, 7-июлда ӨКМдан кабарлашты.
Маалым болгондой, 6-июлда 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н. Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткен.
slide 3 of 2
Бүгүн, 7-июлда саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан 2 кыздын сөөгү чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13281