Бишкекте көчөдө бараткан кишинин 1 млн сомун тартып алуу аракети болду
RU

Бишкекте көчөдө бараткан кишинин 1 млн сомун тартып алуу аракети болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жөө өтмөктөн адамды карактап, 1 млн сомун тартып алуу аракети болду. Бул туурасында Бишкек ШИИББден билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 12-июнда Ленин РИИБине Ж.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү эртең мененки саат 09:00 чамасында Профсоюзная көчөсүндө жөө адамдар өтүүчү жолдон белгисиз адамдар бетине калемпир баллонун чачып, 1 миллион сом акчасын, кол жүгүн алууга аракет кылганын айткан. Бирок кылмыш ишке ашпай, карактоого аракет кылгандар качып кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча 207-берене ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары А.Б. аттуу адам кармалган. Ал буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын 1-тергөө абагында кармоо түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иштер улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13288