Гүлчөдөгү мектептин бүтүрүүчүлөрү эки аз камсыздалган үй-бүлөлөргө үй салып беришти (фото)
Алай районундагы Гүлчө шаарынын мектеп бүтүрүүчүлөрү жергиликтүү калк үчүн көк-бөрү оюнун өткөргөндүн ордуна эки аз камсыздалган үй-бүлөгө турак жай салып беришти. Бул тууралуу Kaktus.media'га жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айткандарына ылайык, он жыл мурун 1974-жылкы мектеп бүтурүүчүлөр жергиликтүү тургундар үчүн баалуу байгелерди сайып ат оюндарын уюштурушкан. Андан кийин мындай иш чараларды уюштуруу салтка айланып калган.
Ал эми 1984-жылкы бүтүрүүчүлөр, ат оюндары менен гана чектелбестен, муктаж үй-бүлөлөргө да жардам беришкен.
2020-жылы 1985-жылкылардан 100дөн ашык бүтүрүүчү болгон. Алар чакан маараке өткөрүп, чогулган каражаттын негизги суммасын муктаж үй-бүлөлөргө үй салып берүүгө жумшаганды туура көрүштү. Баш-аягы 3 000 000 сомдон ашык чогулган.
"Шаарыбызда үйгө жетпей жүргөн 15 үй-бүлөнүн ичинен экөөсүн тандап алдык, алар 60 жаштагы Сайракан Темирбаева жана 49 жаштагы Жамиля Орозбаева. Алардын жаш балдары бар, улам жаңы батирге көчүп-конууга аргасыз. Анын үстүнө аялдардын биринин мүмкүнчүлүгү чектелген. Биз аларга үй салып берүүнү чечтик. Жергиликтүү жашоочулардын бири жеке жер тилкесинен жер бөлүп берди, биз үч айдын ичинде заманбап үйлөрдү салып койдук", - деп жардам бергендерди бири айтып берди.
Болжол менен бир үй бир жарым миллион сомго турду.
Жаштар ушуну менен гана чектелип калбастан, мындан ары да бул үй-бүлөлөргө туруктуу жардам берип турууну чечишти.