Аламүдүндө 22 жаштагы жигит 6 кгдан ашык мефедрон менен кармалды
RU

Аламүдүндө 22 жаштагы жигит 6 кгдан ашык мефедрон менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунда 22 жаштагы жигит 6 килограммдан ашык мефедрон менен кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей,кармалган жаран юаңги заттардын ири партияларын ташуу, сатуу менен алектенип келген.

2001-жылы туулган С.Иге таандык "Субару Форестер" үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүлгөн. Анда унаанын арткы отургучунун астындагы жашыруун жайдан болжол менен салмагы 6 кг 111 граммды түзгөн 24 таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында жогоруда алынган заттар мефедрон психотроптук зат экени аныкталган.

Бул факты боюнча 282-берененин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2001-жылы туулган С.И. эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болуп, ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азиядагы өлкөлөргө ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталган. Бул баңги синдикатынын катышуучулары баңгизатты интернет аркылуу сатышкан.

ИИМден белгилешкендей, жогоруда аталган психотроптук затты сатууда шектүү катары кармалган жаран С.И. менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн.

Күч түзүмдөрүнүн макулдашылган иш-аракеттеринин аркасында өлкө аймагында мефедрон психотроптук затынын 42 миңден ашык дозасын жайылтууга бөгөт коюлду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13320