Энесин зордуктоого аракет, аны суидцидге жеткирген деп кармалган жаран өзү каза болду
RU

Энесин зордуктоого аракет, аны суидцидге жеткирген деп кармалган жаран өзү каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусундагы айылдардын биринин тургуну өз энесин зордуктоого аракет кылып, апасын өзүн-өзү өлтүрүүгө мажбурлаган деп соттолгон. Ал кишинин өлүмүнө байланыштуу иш токтотулган. Чечим Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Сотко чейинки өндүрүштө С. аттуу жаран 2022-жылы жайында өзүнүн үйүндө апасынын бөлмөсүнө кирип, физикалык күч колдонуп, аны менен жыныстык катнашка барууга аракет кылган деп айыпталган. Жабыркаган аял өз жанын кыйган. Райондук сот зордуктоого аракет кылган жана апасы өзүн-өзү өлтүрүүдөгү абалга жеткирген деп С.ны 9 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары, алкоголдук көз карандылыктан дарылоо милдеттендирилген.

Аппеляциялык кайрылууда С.нын жактоочусу айыптоо жабырлануучунун көрсөтмөсүнө гана негизделгенин, аял каза болгондон кийин сот отурумунда аны иликтөөгө мүмкүн болбогондугун белгилеген.

Соттун жүрүшүндө С. каза болгону маалымдалган. Мындан улам, мыйзамга ылайык, кылмыш иш токтотулган.

Ошентип, Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы айыпталуучунун каза болгондугуна байланыштуу биринчи инстанциядагы соттун өкүмү жокко чыгарып, өндүрүш токтотулсун деп тапты.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13322