Мурда бир нече ирет соттолгон жигиттер дагы кармалды. Бири жакында эле абактан чыккан
RU

Мурда бир нече ирет соттолгон жигиттер дагы кармалды. Бири жакында эле абактан чыккан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Атада оор жүк ташуучу унаалардан акчаларды, буюмдарды уурдаганга шектүүлөр кармалды. ИИМден маалымдашкандай, кылмыштуу топтун курамында 10дон ашык адам бар.

  • Белгилүү болгондой, июль айынын башында Ысык-Ата РИИБине Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 17-июнь күнү саат 15:00 чамасында Новопокровка айылындагы айланма жолдо "Форд" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын ичинен 6000 сом акчасын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, уурулар "BMW-525" үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкен.
  • Андан тышкары 6-июлда Ысык-Ата РИИБине Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 39 жаштагы тургуну арыз жазган. Анда 5-июль күнү саат 16:00 чамасында Маевка айылына жакын жерде "МАЗ" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ичинен уюлдук телефонун уурдатып алганын айткан.
  • 5-июль күнү райондук милицияга 43 жаштагы жаран кайрылып, Хунчи айылына жакын жолдо "Мерседес" үлгүсүндөгү унаадан 10500 сомун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Мындан тышкары бир нече жабырлануучулардан арыздар келген.

Бул фактылар боюнча Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин ыкчам кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, буларды аныкташкан.

Кылмыштуу топтун курамында 10дон ашык адам бар. Алар унаалардан акчаларды жана мүлктөрдү уурдоо менен алектенип, жеңил унааларды ижарага алып турушкан. Маалым болгондой, көпчүлүк айдоочулар жүк ташуучу унаанын эшиктерин жаппагандыктан, уурулар унаанын ичине тоскоолдуксуз киришкен.

Учурда көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар шектүү жарандар кармалды. Алар:

  • 1996-жылы туулган З.Ж., Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Буга чейин 28 жолу соттолгон.
  • 1997-жылы туулган Ж.Д., Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну. Буга чейин бир нече жолу соттолгон.
  • 2001-жылы туулган Ж.А., Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, мурда соттолгон, бир айга жакын мурда абактан чыккан.
  • 2002-жылы туулган Н.уулуА., Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну. Буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Кармалгандардын баары Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жайыл районунда да милиция кызматкерлери бул кылмыштуу топтун эки эки мүчөсүн кармады. Учурда Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн уурулук фактылары боюнча 205-берене ("Уурулук") боюнча бир нече кылмыш иштери козголду. Кылмыштуу топтун калган мүчөлөрүн кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13340