"Менин баштыгым" акциясы! Дүкөнгө баштык ала барып, картага 5 упай топтоңуз
RU

"Менин баштыгым" акциясы! Дүкөнгө баштык ала барып, картага 5 упай топтоңуз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Менин баштыгым" акциясы баштык ала келген кардарларга сатып алуулар үчүн картага 5 упай топтоого мүмкүнчүлүк берет.

20 мүнөт! Орточо алганда, сиз желим баштыкты ушунча убакыт колдоносуз. Бул күнүмдүк колдонуудан кийин таштандыга ыргытылат. Ал жерде жүздөгөн жылдар бою чирийт.

"Азбука" супермаркеттер тармагы кыргызстандыктарды жаратылышты коргоого салым кошууга жана өзүнүн баштыгы менен сатып алууларды жасоого чакырат.

Буга байланыштуу "Менин баштыгым" акциясынын башталганын жарыялайт. Бул "Азия Ритейл" компаниясы баштаган пилоттук долбоор. Анын курамына "Азбука" супермаркеттер тармагы жана "Азия" гипермаркеттер тармагы кирет.

  • "Менин баштыгым" акциясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылында ачылган бардык дүкөндөрүбүздө бүгүнкү күндөн баштап, тактап айтканда 11-июлдан башталат. Дүкөнгө барганда азык-түлүктү салуу үчүн баштык ала келиңиз. Бул кагаздан баштык, жип баштык же чүпүрөк баштык болушу мүмкүн.
  • "Менин баштыгым" акциясынын катышуучулары баштыгын кассадан көрсөткөндө бонустук картасына 5 упай алышат. 1 балл 1 сомго барабар. Картадагы упайларды "Азбука" супермаркеттер тармагында сатып алууларга жумшоого болот. Бул сиздин туура тандооңуз үчүн биздин ыраазычылыгыбыз.
  • Ысык-Көл облусунда жайгашкан дүкөндөрдөрүбүздө полиэтилен баштыктарын сатуудан чыгардык. Биздин кардарлар кагаз баштыктарды гана сатып ала алышат. Ошентип Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында желим пленкалуу баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгын аткарып жатабыз.
  • "Менин баштыгым" акциясы сизге экологиялык жактан пайдалуу адатты өнүктүрүүгө жардам берет, рюкзак, көп жолу колдонулуучу баштык менен дүкөнгө барыңыз же көп сатып алуулар үчүн бир баштыкты колдонуңуз.

Эске салсак, келерки жылдын 1-июнунан тарта мыйзам бүткүл республика боюнча күчүнө кирет. Бүгүн жоопкерчиликтүү чечим кабыл алыңыз. Айлана-чөйрө үчүн күрөшкө өз салымыңызды кошуңуз. Көп жолу колдонулуучу баштыктарга өтүү - бул ар бирибиз жасай ала турган кичинекей кадам. Мындай кичинекей кадам чоң өзгөрүүлөргө алып келет.

"Азбука" супермаркеттер тармагынын "Менин баштыгым" акциясына кошул. Биргеликте Ысык-Көл облусундагы экологиялык катастрофанын алдын алабыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13353