Акылбек Жапаров Баткенде чек ара тозотунун башчысы 120 миң сом айлык аларын айтты
RU

Акылбек Жапаров Баткенде чек ара тозотунун башчысы 120 миң сом айлык аларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин коллегиясында учурда Баткендеги чек ара заставасынын башчысы айына 120 миң сом аларын билдирди.

Айтымында, акыркы 2 жылда чек араны чыңдоого 80 млрд сомдон ашык каражат жумшалды.

"Бүгүнкү күндө чек ара тозотунун башчысы 120 миң сом айлык алат, жубайы армияда иштейт экен, ал 80 миң сом маяна алат.

Мурда келишимдик негизде 356 аскерди ишке тарта алган эмеспиз, азыр айлыктарды көтөрүп, керектүү нерселердин бардыгын камсыздап бергенден кийин Баткенде кезек түзүлүп жатат десем жаңылышпайм", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13362