Бишкекте заманбап Перинаталдык борбор курулду. Жакында Ош менен Таласка да салынат
RU

Бишкекте заманбап Перинаталдык борбор курулду. Жакында Ош менен Таласка да салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул мекеме жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылары белгиленди.

Перинаталдык борбордо кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Анда 100дөн ашуун бейтапка орун каралган.

Оорукананын курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилери айтылды.

Өкмөт башчы медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындай Перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында дагы куруларын билдирген. Жапаровдун айтымында, заманбап перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, андагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13368