Өзбекстанга 50 гектар эмес, 20 гектар берилет. Ташиев шартты өзгөртүүнү убада кылды
RU

Өзбекстанга 50 гектар эмес, 20 гектар берилет. Ташиев шартты өзгөртүүнү убада кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун тургундары менен жолукту. Алар Өзбекстанга 50 гектардын берилишине каршы чыгып жатышат.

Кыргы-өзбек чек арасына жакын жайгашкан айылдардын тургундары бийликтин чек ара маселеси боюнча кабыл алган чечимдерине нааразы экенин билдиришти.

Башында Ташиев жергиликтүү тургундарга жер алмашуунун шарттарын түшундүрүп берүүгө аракет кылды. Бирок алар келтирилген жүйөлөргө макул болушкан жок. Алардын пикири боюнча, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жер берилбеши керек.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Ташиев пикирин өзгөрттү. Ал өзбек тарап менен макулдашууну өзгөртүу тууралуу сүйлөшө тургандыгын билдирди.

"Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин",- деди Ташиев.

Ташиев тургундардын "Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу" деген суроосуна, Ташкентти ынандырууга болгон аракет көрүлөт деген мазмунда жооп берди.

Эске салсак, Өзбекстан менен макулдашууга ылайык, Кыргызстанга төмөнкү аймактар берилген:

  • Көк-Серек - 105 га;
  • Ала-Бука районундагы Баястан - 212га;
  • Кара-Суу районунда Ак-Таш - 100 га;
  • Кара Белес - 25 га;
  • Наманган жана Жалал-Абад райондорунун ортосундагы Гавасай - 8 миң га;
  • Унгар-Тоо тоосундагы жер - 35 га.

Бул жер тилкелерди өткөрүп берген Өзбекстан Кемпир-Абада суу сактагычы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алды. Шарихансай каналы жайгашкан 50 га жер тилкеси да коңшу өлкөгө өттү. Анын ордуна Кыргызстан Өзгөн районунан 50 га алды.

Бирок, чек арага чектеш райондордун бардык эле тургундары бул макулдашууга макул эмес. Маселен, Савай айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан аймактын коңшу өлкөгө өтүүсүнө каршы митингине чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1341