10 жаштагы Насыйкат эл аралык музыкалык сынакта байгелүү орунга ээ болду
RU

10 жаштагы Насыйкат эл аралык музыкалык сынакта байгелүү орунга ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10 жаштагы кыргызстандык Насыйкат Баймырзаева 12-13-июль күндөрү Беларуста өткөн XXI Эл аралык "Витебск-2023" балдар музыкалык сынагында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына кыздын устаты, ырчы Гүлнура Тойгонбаева билдирди.

Анын айтымында, сынакка дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 8-14 жаштагы балдар катышты.

Насыкат "Холодное сердце" мультфильминдеги башкы каарман Эльзанын ырын ырдап чыкты.

"Насыкат эң кичинекей катышуучулардын бири болчу, сынактын биринчи күнүндө 10 жашка толду. Концерттен кийин аны сахнада абдан сонун куттукташып, белектерин тапшырышты. Абдан сонун болду!" - дейт Тойгонбаева.

Сынактын жыйынтыгында Гран-при казакстандык аткаруучу Шерхан Арыстан, 1-орунду белорусиялык София Рустамова, 2-орунду Анахит Галстян (Армения) менен Яна Тен (Россия), ал эми кыргызстандык Насыйкат Баймырзаева өзбекстандык Равшан Тошходжаевге экөө 3-орунга ээ болушту.

Тойгонбаева "Авиа Траффик", "Абдыш-Ата" ЖЧКсы жана Азиздер жана дүлөйлөр коомуна көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13427