Ысык-Көлдө парашют менен учуп бара жаткан киши баласы менен аттракционго илинип калышты
RU

Ысык-Көлдө парашют менен учуп бара жаткан киши баласы менен аттракционго илинип калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бостериде эс алуучу парашют менен секирип, аттракционго илинип калган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, окуя 14-июлда саат 19:30дар чамасында болгон. Парашют моторлуу кайыкка илинген. Болжол менен моторлуу кайыкта отурган адам рулду башкара албай калып, парашютта учуп жүргөн адам айланма аттракционго жабышып калган.

Ал киши тирүү. Азырынча анын жаракат алган-албаганы белгисиз.

Кийинчерээк ӨКМ эки адам парашют менен учуп баратканын, алардын бири 2009-жылы туулган Ж.А., эинчисинин өздүгү азырынча тактала элек экенин айтты. Алардын абалы канааттандырарлык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13429