Орус тили расмий бойдон калат. Садыр Жапаров "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамга кол койду
RU

Орус тили расмий бойдон калат. Садыр Жапаров "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-июлда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Мыйзам Кыргызстандын жарандарына жана республикада жашаган чет элдиктерге тиешелүү. Анда кыргыз тилинин колдонулушунун жана тил саясатын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүүнүн укуктук негиздери белгиленген.

Мыйзамда кыргыз тилин билүүгө жана өз ишинде колдонууга милдеттүү адамдардын тизмеси көрсөтүлгөн. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, ошондой эле жеке мекемелердин кызматкерлери да кирет.

  • Ошондой эле, мыйзамда чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылары айтылат.
  • Телерадиокомпаниялар өз берүүлөрүнүн 60% кем эмесин мамлекеттик тилде алып барышы керек.
  • орус тили Кыргызстанда расмий тил катары пайдаланылары белгиленген.

"Кыргызстанда жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Ар бир жаран эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу", - деп жазылган документте.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13476