Ошто 50 жаштагы аял өз жанын кыюуга аракет кылды
2449
Ош шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 50 жаштагы аял куткарылды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
17-июлда А.Масалиев көчөсүндөгү көп кабатуу үйдүн батиринде 1973-жылы туулган Т.М. аттуу аял киши бөлмөнүн эшигин кулптап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачканда жогоруда аталган аял уктап жатканы аныкталып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлдү.
Башкы беттеги сүрөт илюсстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13480