Садыр Жапаров баштаган делегация Жидда шаарына барды. Сүрөттөр
RU

Садыр Жапаров баштаган делегация Жидда шаарына барды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 18-июлда Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө жумушчу сапар менен барды. Аны Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алганын президенттин адмсинистрациясынан билдиришти.

Мамлекет башчыны тосуп алууда килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышат. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан башка сапардын алкагында президент Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

  • Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
  • Улукбек Марипов - Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси;
  • Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;
  • Тойгонбай Абдыкаров - Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
  • Каныбек Туманбаев – президенттин иш башкаруучусу;
  • Талгат Аширбеков – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13497