Ак-Ордодо жүргүнчүсү бар маршрутканы сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды
RU

Ак-Ордодо жүргүнчүсү бар маршрутканы сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчү ташыган маршруттук таксини оор жүк ташыган унаа сүзүп кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалганын Чүй ОИИББден Kaktus.kg сайтына билдирди.

"Жогорудагы жол кырсыгы боюнча 312-берене менен кылмыш иши козголду. Териштирүүнүн алкагында жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган Т.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда", - дешет башкармалыктан.

Белгилесек, 19-июлда саат 07:50 чамасында Ак-Ордо-3 конушунун Элмирбек Иманалиев көчөсүндө жүргүнчү салып жаткан маршруттук таксини жүк ташыган унаа артынан сүзүп кеткен. Кырсыктан 1 адам каза болуп, дагы бир нече жүргүнчү ооруканага кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13519