Мамлекеттик каттоо кызматы унааны сатууда жана сатып алууда кайра каттоодон өткөрүүнү суну
RU

Мамлекеттик каттоо кызматы унааны сатууда жана сатып алууда кайра каттоодон өткөрүүнү суну

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик каттоо кызматы унааны сатууда жана сатып алууда кайра каттоодон өткөрүүнү сунуштайт

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында, транспорт каражаттарын сатуу жана сатып алуу боюнча бүтүмдү түзүүдө, сөзсүз түрдө "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө автоунааны кайрадан каттоодон өткөрүү керек.

Автотранспорт каражатын ишеним кат боюнча сатып алуу жана сатууда ээси төмөнкүдөй терс кесепеттерге туш болот:

  • Менчик ээси транспорт каражатынын салыгына жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдарды төлөөгө жооптуу;
  • Автотранспорт каражаты катышкан кылмыш же жол кырсыгы катталса, унаа ээси жооптуу.
  • Ишеним кат менен автоунаа алуучу аны өзүнүн атына кайра каттата албайт;
  • Мыйзамдуу ээси каза болгон учурда, ишеним кат күчүн жоготуп, мурастоо учурунда көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.

Мындан тышкары, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду төлөө боюнча жоопкерчиликти унутпашыбыз керек (жол эрежесин бузу боюнча билдирүү автоунаанын расмий ээсинин дарегине да келет). Мындан тышкары, сатып алууда чыр чыккан учурда, сатуучу тарабынан унаага берилген ишеним кат жокко чыгарылышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1351