Узак жашоонун жөнөкөй сырлары. Дарыгерден кеңеш
RU

Узак жашоонун жөнөкөй сырлары. Дарыгерден кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дарыгер Эрмек Исмаилов коронавирус пандемиясы учурунда бейтаптарга аралыктан консултация-маалымат берип, илдет аяктагандан кийин дагы бул ишти токтоткон эмес. Учурда Телеграм каналдар аркылуу коомчулукка ден-соолукка кам көрүү, профилактика жана check-up анализдерди тапшыруу сындуу бир катар пайдалуу кеңештери менен бөлүшүп келет.

Эрмек "Узак жашоонун жөнөкөй жолдору" менен коомчулукту өзүнө кам көрүүгө чакырып жүрөт. Ал кандай жолдор экенин маектен окуңуз.

-Саламатсызбы, Эрмек мырза? Бизге эле эмес, бүтүндөй коомчулукка кызык болуп жатат. Узак жашоонун жөнөкөй эрежелери кайсылар? Себеби ар бир эле адам узак жашагысы келет эмеспи. Негизи эле коомчулугубуздун ден соолугуна кам көрүү аракети бүгүнкү күндө канчалык?

- Саламатсызбы! Сиздин сурооңузга төмөндөгүдөй жооп берсем: Менимче, биздин жашообуз пандемияга чейин жана пандемиядан кийин болуп экиге бөлүнүп калды. Себеби, коронавирус илдетине чейин биздин элибиз өзүнүн ден соолугуна анча деле маани бербей келчү. Илдеттен кийин элдин көпчүлүгү өзүнүн ден соолугуна кам көрүп калды.

Буга мисал азыр социалдык тармактарда дарыгерлерден кеңеш сурагандар, ден соолугу үчүн профилактикалык иштерге маани берип жаткандарды көп көрүүгө болот.

- Сиз "Дарыгерден кеңеш" Телеграм каналыңызда кандай кеңештер менен бөлүшөсүз? Ошол кеңештерди сиздин катталуучуларыңыз иш жүзүндө аткарып турушабы? Көзөмөлдөп турасызбы?

- Социалдык тармактарда менин ар кандай баракчаларым бар. Ал жердеги аудитория дагы ар башка. Албетте, баракчамдан профилактикалык жолдор, анализдерди тапшыруу тууралуу көп кеңештер бар. Бирок кандай кеңешти жазба коомчулук (катталуучуларым) оору менен кантип күрөшүүнүн жолдорун сурашат. Менимче, биз ооруга эмес, профилактикалык иштерге көп көңүл бурсак - көп оорунун алдын алмакпыз.

- Биздин коомчулук профилактикага канчалык маани берет?

- Чынын айтсам, профилактикага маани берген адамдардын саны аз. Бирок жогоруда айткандай эле, күн санап өзүнүн ден соолугуна маани бергендердин саны өсүп жатат. Эгер жалпы элибиз профилактика эң маанилүү экенин түшүнсө менимче келерки 10-15 жылдын ичинде кыргыз эли эң узак жашаган элдердин санына кирип калабыз. Мен ошол жыйынтыкка жетсек абдан кубанмакмын. Себеби, профилактика бул - ооруну алдын алуу да. Ага көп деле аракеттин кереги жок, болгону базалык эле негизги нерселерди кылып коюу менен узак жашасак болот.

- Маселен, кыздар сулуулугун сактап калуу максатында табигый нерселерден ар кандай маска, кам көрүүчү процедураларды жасашат. "Узак жашоонун жолдору" дегенде эле ойго ушул сыяктуу нерселер келбей койбойт. А бул жолдор чындыгында кандай?

- Ооба, бул сиз айткандай эле өтө жөнөкөй нерселер. Бул нерсени биз баарыбыз билебиз, бирок биз ага көңүл бурбайбыз.

Биринчиси - физикалык активдүүлүк. Бир күндө ар бир адам 10-15 миң кадамга чейин басышы керек. Бул биздин байыртан эле келе жаткан генетикалык жашоо образыбыз. Маселен, мурун ата-бабаларыбыз тамактангандан кийин, ат минип, аң уулоого чыгып же мал кайтарып, физикалык активдүүлүктү карманса, азыркы кыргыз коомчулугу кыргыздын байыртан келген улуттук тамагы деп беш бармак, этти жейбиз да жатып, уктап калабыз. Физикалык активдүүлүк жок. Ошондуктан оорунун бардыгы кыймыл-аракеттин жоктугунан келип чыгып жатат.

Экинчиси - туура тамактануу. Ал кандай? Эгер үч маал тамактансак аны 100% деп эсептеп алабыз да, 50% эртең менен, түшкү тамактанууда 30% жана кечинде 20% тамактанышыбыз зарыл. Бизде, кыргызда тескерисинче, эртең менен жеңил тамактанабыз. Түштө - убакыт болсо түштөнөбүз же болбосо кечке чейин чыдап туруп, кечинде абдан оор тамактанып алып, уктап калабыз. Бул туура эмес. Кечинде көп тамактанганыбыз үчүн жүрөк, ашказан, боор оорулары пайда болуп жатат.

Үчүнчүсү - уйку. Туура, убагында укташыбыз керек. Азыркы коом кеч уктайт. Негизи, эн жакшысы кечки 22:00дөн тарта уктап, эртең менен алтыда туруш керек. Эмне үчүн? Саат 22:00дөн 00:00гө чейин биздин организмде меллотанин деген гормон иштелип чыгат. Ал биздин оргазимдин эс алуусуна жана кайра калыбына келүү процессине жардамын берет. Эгер биз ошол убакта уктабасак - эртең менен турганда чарчап ойгонобуз. Ошол нерсе биз убагында уктабагыбыздан. Кечинде убагында уктасак биз жүрөк оорулары, инсульт, инфаркт сыяктуу ооруларды алдын алабыз.

Төртүнчүсү - витаминдер. Заманбап адамга 26 микроэлемент жетпейт экен. Тамак менен биз аны албайт экенбиз. Мисалы ошол эле Д витамини. Биз Кыргызстанга күн жашкы тиет, Д витамини жетиштүү деп ойлойбуз. Кечээ жакында эле мага өспүрүмдөр кайрылышты. Жашы 16-17де экен. Д витамини жокко эсе. Д витамини көбүнчө жабык офисте иштегендерде жок же аз болуп чыгууда. Ойлонсом, чын эле биз эртең менен офиске келет экенбиз да, күн киргенде кетет экенбиз үйгө. Ошондуктан микроэлементтерди биз кошумчалап ичип турушубуз керек.

Маектин уландысы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13526