"Жакшы хирург экенимди эл билет". Бейшеналиевдин илимий наамын чакыртып алуу боюнча пикири
RU

"Жакшы хирург экенимди эл билет". Бейшеналиевдин илимий наамын чакыртып алуу боюнча пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышып, анын илимий наамын чакыртып алуу сунушуна пикири кандай деген суроо узатты. "Жакшы хирург экенимди эл билет", - деди министр.

Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстанда коронавирус инфекциясы күчөп турган учурда Москва шаарынан Кыргызстанга ыктыярчы Айсулуу Атаканова келген. Ал КММАнын илимий кеңешинин мүчөлөрүнө, КРдин Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, иликтөө жүргүзүп, учурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий даражасын чакыртып алууну суранды. Анын өтүнүчүнө Бермет Барыктабасова да кошулду.

  • 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошунду ичип, анын тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө бирге кайнатып жатканын маалымдаган.
  • Андан бир күн мурун Садыр Жапаров Өзүнүн социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер коронавирусту баштапкы стадиясында дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.
  • Президент Садыр Жапаровдун аппараты уу коргошундун тундурмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынада кайнатылат, деп билдирди.
  • Эксперттер бул өсүмдүктү дарылыкка колдонуу өтө кооптуу, беш мүнөттүн ичинде өлүмгө алып келет, деп айгай сала башташты. Активисттер Саламаттыкты сактоо министрине карата кылмыш ишин козгоп, президентке импичмент жарыялоону сунушташты.
  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы бөлүмү Aconítum soongáricum (уу коргошун) тууралуу расмий билдирүүсүн таратып, анда клиникалык изилдөөлөрдөн өтө элек препаратты калк арасында кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес, деп жазылган.

Башкы беттеги иллюстрациянын автору Татьяна Зеленская.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1354