"Кудай бирөө жарымга мээ бербей калган окшойт". Варламовдун уу коргошун тууралуу пикири
RU

"Кудай бирөө жарымга мээ бербей калган окшойт". Варламовдун уу коргошун тууралуу пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернет айдыңында Илья Варламовдун видеосу пайда болду. Анда блогер Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри жана президенти өз элине сунуштаган коронавируска каршы каражаты боюнча жеке комментарийин берген.

"Кыргызстандын президенти жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри коронавирусту дарылай турган дарыны табышты - бул ысык-көлдүк тамырдын тундурмасы. "Анын эмнеси бар экен, сыйкырдуу дарыны тапса тапкандыр, азамат экен, аны кайдан сатып алса болот? - дешиңер мүмкүн.

"Кое тургула достор! Бардыгы мынчалык жөнөкөй эмес. Бул уу чөп, ал жунгар аконити, деген аталышта белгилүү. Бул өсүмдүктөрдүн арасындагы ээ уулу зат катары таанымал. Ал адамдын да, малдын да өлүмүнө алып келет. Аны менен таракан, чымындарды кырат экен. Министр аны өзү деле мойнуна алды. Муздак бойдон бир жутум жасасаң эле мерт кетесиң. Бир чети туура эле да. Өлүп калган адам коронавирус болуп оорубайт да, туурабы. Жалпысынан алганда жөнөкөй элге боорум ооруп жатат", - дейт блогер.

"Мен да дүйнөнүн байлары жер шарындагы калктын санын азайтуу үчүн атайын коронавирусту ойлоп табышкан, деген сөзгө ишене баштадым. Кыргызстандын президенти чыгып, элине ууну ичүүнү сунуштай баштады. Балким, ушуну менен дүйнө жүзүндөгү макоолордун саны азаят?", - деп Варламов божомолдоду.

Барынан да Варламовду таң калтырганы, уу коргошунду ичүү сунушу өлкө жетекчилиги жана жарандардын саламаттыгы үчүн башкы жоопкерчиликтүү адам тараптан болуп жатканы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1355