84 жаштагы карыянын мүлкүн сот аркылуу тартып алышкан. Ал акыйкатчыга кайрылды
Батирин тарттырып алган 84 жаштагы карыя акыйкатчыга кайрылып, жеке менчикке ээ болуу укугун калыбына келтирип берүүнү суранды. Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, 1939-жылы туулган Т.Т. үйү менен батирине карата укугу соттун чечими менен бузулганын айткан.
"Биз жубайым экөөбүз көп жыл чогуу жашап, төрт баланы тарбиялап, чоңойттук. Жубайымдын биринчи никесинен уулу бар болчу. Байбичем көз жумгандан кийин анын биринчи никесиндеги уулунун кызы мүлкүбүздөн өз үлүшүн талап кылып чыкты. Ал сотко кайрылып өз үлүшүн бөлүп берүүнү сурады. Үй менен батир менен аялымдын наамына катталган эле. Жактоочуларды издей баштадык. Таптык. Жарандык процесс башталды. Бирок эмнегедир сотко мени киргизишкен жок, жактоочум ошондой деп айтты. Мен дайыма сотко барып, бирок көчөдө отургучта сот бүткөнчө отуруп, күтүп жүрдүм. Анан эле сот чечим чыгарды. Менин жана балдарымдын, ошондой эле жубайымдын небересине "мүлктү бирдей үлүштө тең бөлүп алышат" деген бүтүм чыгарышкан экен. Соттун чечимин дароо эле түшүнө алган жокмун. Анан калса чечим тууралуу дагы кийинчерээк билдим. Тынчтык макулдашуусу бар экенинен дагы кабарым жок болчу. Андан кийин гана менин укуктарым соттун чечими менен бузулганын түшүндүм", - деп нааразы болгон абышка.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Т.Т.нын жактоочусу анын балдары жана жубайынын небереси тарабынан түзүлгөн тараптардын тынчтык макулдашуусун тастыктай турганы жөнүндө чечимди кабыл алган.
Тынчтык макулдашуусунун шартына ылайык, жогоруда аталган тараптар мурасталган кыймылсыз мүлктөн бирдей үлүшкө ээ болууга укуктуу болушкан. Соттогу иштин материалдарына ылайык, тынчтык келишимин түзүү жөнүндө сунушту Т.Т.нын жактоочусу берген. Жарандык иш өндүрүштөн токтотулган.
Карыя укуктары сотто жетишээрлик коргобой калган деп эсептейт. Айтымында, ал соттун чечими тууралуу билип жана аны түшүнөрү менен көп убакыт бою мамлекеттик органдардын каалгасын каккылап, акыйкаттыкка жетүүгө аракет кылган. Аргасы кеткенде президентке кайрылган.
Соттук иштин материалдарына ылайык, президент Юстиция министрлигине улгайган кишиге укуктук көмөк берүүнү тапшырган. Ага акысыз жактоочу беришкен, жактоочу тынчтык макулдашуу тууралуу соттун чечимин жокко чыгарыш үчүн Бишкек шаардык сотуна жеке даттанууну берүүнүн процессуалдык мөөнөтүн калыбына келтирүү арызы менен кайрылган.
Бирок 2022-жылдын 28-декабрында экинчи инстанциядагы сот арызды канааттандыруудан баш тарткан. 2023-жылдын 19-апрелинде Жогорку Сот да экинчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.
"Мен үйдү байбичем экөөбүз кичинекей кезинен эле багып алган небере кызыма каттатып берейин деп ойлогом. Мен эми анте албай калдым, болгону өзүмдүн үлүшүмдү гана бере алам",
- деген абышка.Акыйкатчы ишти өзү тыкыр изилдеп чыкканын жана анын укуктарын коргош үчүн мыйзамдуу жолдор бар экенин билдирди.
"Сиздин ишти мен жеке көзөмөлүмө алдым. Калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн кайрылуулары мен үчүн биринчи орунда карала турган иштер. Биз сиздин иш боюнча жагдайды түшүндүк, ошондой эле аны чечүүнүн жолдорун дагы көрүп турабыз", - дейт акыйкатчы.
Жамиля Жаманбаева тиешелүү бөлүмгө карыянын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтириш үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүнү тапшырды.