Нарында сел жүрүп, суу каптаган үйлөр тазаланды. Сүрөт, видео
2972
Нарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү кыян суулары каптады. ӨКМдан билдиришкендей, 21-июлда кечки саат 19:30 чамаларында Куланак айылында сел жүргөн.
Куткаруучуларга Совет көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдү коктулардан түшкөн кыян суулары каптап жатат деген билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам топ жана 8 куткаруучу 1 мотопомпа менен чыгып, жардам берип келишкен.
Куланак айылынын Кур-Жылга коктусунан түшкөн кыян суулары сел каналынан ашып, жалпы 16 кожолуктун короолорун сел суулары, анын ичинен 2 үйдүн ичин суу каптаган.
Ыкчам топ жергиликтүү тургундарды уюштуруу менен үйлөрдүн ичине кирген сел сууларын мотопомпанын жардамы менен сордуруп, сел калдыктарын кол менен ташуу жумуштарын жүргүзүшкөн.
slide 2 of 4
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13571