Токтогул суу сактагычында беш-алты метрлик жылан жүргөнү айтылууда. Видео
RU

Токтогул суу сактагычында беш-алты метрлик жылан жүргөнү айтылууда. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда эс алуучулар Токтогул суу сактагычында узундугу беш алты метр болгон жылан жүрөт делген видео тарап жатат.

Автор видео бүгүн, 23-июлда саат 17:00 чамасында тартылганын айтууда. Чынында эле сууну бойлоп жыланга окшогон түшүнүксүз бир нерсе жылып баратат. Бирок, анын узундугу (видео боюнча да) 1,5 метрден ашпайт. Орто Азиянын аймагында табылган эң узун жылан эки метрге жеткен гюрза болгон.

Эс алуучулар кандай жыланды көргөнүн серпентологияны окуган адамдар гана түшүнө алат. Ошол эле учурда адам факторун да жокко чыгарбоо керек: балким видеодогу жылан өспүрүмдөрдүн тамашасыдыр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13582