Ош шаарында 21 жаштагы келин үч эм төрөдү
RU

Ош шаарында 21 жаштагы келин үч эм төрөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо 22-июлда үч эм төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ымыркайлар кесарево жолу менен жарыкка келди.

Үч эмдин экөө уул, бирөө кыз. Биринчи наристе (эркек) 1200 грамм салмакта, экинчи наристенин (кыз) салмагы 1350 грамм, үчүнчү наристенин (эркек) салмагы 1 280 грамм болуп төрөлгөн.

Бул Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургунунун биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон.

Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: "Индустриалка".
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13629