Шейшепти булгаганы үчүн токмок жеген 2 жаштагы баланын ата-энеси милицияга нааразы
RU

Шейшепти булгаганы үчүн токмок жеген 2 жаштагы баланын ата-энеси милицияга нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну Азамат Олонов Kaktus.media сайтына кайрылып, нааразычылыгын айтты. Ал Бишкектин 11-кичирайонунда жайгашкан №94 бала бакчанын тарбиячысын тергөөчү жоопко тартпай жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 26-майында жумуштан кийин эки жарым жаштагы уулун бала бакчадан алып кеткен. Үйүнө барып, баланын кийимин алмаштыра баштаганда жамбашында ур-токмоктун издерин көргөн. Издер чоң адамдын алаканы менен чапкандай эле болчу дейт.

"Баламды алып баратканда эч ким баламдын сабалганын айткан жок. Майрам аттуу тарбиячыга телефон чалдык. Ал адегенде баарын танган, бирок кийин түшкү уйку учурунда шейшепти булгап койгону үчүн жамбашына акырын эле чаап койгонун айткан", - деди Олонов.

Ал кошумчалагандай, бала төшөктү булгаганы үчүн тарбиячы ачууланып арткы бөлмөгө алып кеткенин бала багуучу тастыктаган.

"Бала багуучу уулумдун андан кийин көпкө ыйлаганын айтты. Бала бакчанын директоруна да кабарладык. Ал бизди бала бакчага чакырды. Биз Октябрь РИИБине арыз жаздык, ал жерде тергөөчү Руслан Базарбай уулу кылмышкерди жоопкерчиликке тартууга убада берип, бизди экспертизага жөнөттү. Экспертиза ден соолугуна жеңил залал келтирилген деп корутунду чыгарган", - деди жабырлануучу.

Олоновдун айтымында, бала бакчанын директору тарбиячынын өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арызын кабыл алып, эч кандай жаза колдонгон эмес.

"Тергөөчү Базарбай уулу бир канча убакыттан кийин бизди тоготпой баштады. Анан ал биздин иш менен таанышууга укугубуз жок экенин, иш жабылып калгандыктан сотко кайрылбайбыз деди. Азыр тергөө иштери жүрүп жатабы, милиция тарбиячыны жоопко тартабы билбейбиз", - деп ачууланды.

Тарбиячы баланын ата-энесине пара сунуштап, тосмо арыз жаздырууга аракет кылганын кошумчалады Олонов.

Жабырлануучулар тиешелүү органдардан кырдаалга көңүл бурууну суранышууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: zakon.kz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13642