Киров суу сактагычына чөгүп кеткен 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды
RU

Киров суу сактагычына чөгүп кеткен 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 25-июлда Талас облусунун Айтматов районундагы Киров суу сактагычынан жарандын жансыз денеси табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 23-июль күнү райондук ички иштер бөлүмүнө 22 жаштагы Д.Т. суу сактагычка чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Маркум Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо (Карл-Маркс) айылынын тургун болгон.

Жигиттин сөөгү укук коргоо кызматына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13657